Асема: "Күйөөм телефонумду текшербейт, ошон үчүн ага ыраазымын"

16 ноября 2018 14:00 4511 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Телефонумду текшербегендиги үчүн куйөөмө ыраазымын. Мындай билдирүүнү ырчы Асема жергиликтүү гезиттердин бирине маек берип жатып айтты. 

"Жолдошум Акжолдун кесиби журналист. Ал баарын түшүнөт. Экөөбүздүн телефондорубузду текшеришип жатканыбызды элестете албайм. Анын үстүнө негиз деле жок. Турмушка чыгып жатканда эле ал мени бардык жактан колдой турган адам болооруна көзүм жеткен. Жүрөгүм жаңылбаптыр, азыркы күнгө чейин иштейм десем убакыт, шарт түзүп берип келе жатат. Телефонумду текшерип ызы-чуу кылбай алаканына салып жашаганы үчүн жолдошума ыраазымын"-деди Асема.

Көпчүлүк: "Бул ырчы бирде күйөөм телефонумду карап, текшерип турат деп интервью берсе, бирде такыр карабайт деп сйлөй берет экен да, кайра-кайра күйөөсүн мактап. Мактай бербе кечке эле, Анжелика мактап атып эмне болду?"-деген билдирүүлөрдү калтырышты. 



Ссылка: https://barometr.kg/asema-kjm-telefonumdu-teksherbejt-oshon-chn-aga-yraazymyn



Добавить комментарий