Асель Кадырбекованын кош бойлуулугун талкуулагандар көбөйдү

20 ноябрь 2018 09:40 3610 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз эстрадасында дарегине көп сын-пикир айтылган ырчылардын катарын Асель Кадырбекова да толуктайт. Бул ирет ырчынын кош бойлуулугу тууралуу ойлор көп айтылууда. Айтылган пикирлерге Асель өзү так жооп бербей келет.

 Инстаграм баракчасына акыркы жүктөгөн сүрөттөн Аселдин курсагынын чыгып калганын байкоого болот. Ырчынын бул жаңылыкты элден сыр тутуп жаткандыгы көпчүлүктү таң калтырууда.

Ырчынын жубайы Нурлан Насип да бул тууралуу маалымат берүүдөн баш тартууда. 

Эске салсак буга чейин Асель менен Нурландын бир нече күнгө созулган үйлөнүү тою, кымбат баалуу үлпөт көйнөгү талкууга алынган.

Ссылка: https://barometr.kg/asel-kadyrbekovanyn-kosh-bojluulugun-talkuulagandar-kbjd



Добавить комментарий