Асель Кадырбекованын апасы ооруканга жатып калды

8 декабря 2020 16:42 2807 Barometr
Поделиться в:
ok

 Ырчы Асель Кадырбекованын апасы сыркоолоп ооруканага жатып калды. Бул тууралуу ырчы кыз өзүнүн соцтармактагы баракчасына жазган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

“Бул жыл менин апам үчүн абдан оор жыл болду. Бир гана энелер түшүнсө керек. Өз балаңдын оор абалда экенин көрүп, бул сыноону көтөрүп кетүү кыйынга тураарын энелер эле сезе алат.

Менин апам бүтүндөй өмүрүн мага арнады. Жалгыз мен үчүн жан үрөп иштеп, бактылуу жашоо тартуулады.

Азыр апам ооруканда. Апама ден-соолук каалап, дуа кылып коюңуздарчы.

Апа мен сизди жакшы көрөм. Батыраак сакайып кетиңиз. Эч качан оорубаңыз”, - деп жазды ырчы кыз.

Ссылка: https://barometr.kg/asel-kadyrbekovanyn-apasy-oorukanga-zhatyp-kaldy



Добавить комментарий