Асель Кадырбекованын апасы: "Кызым интернетке кирип, пост жаза турган акыбалга келе элек"

10 августа 2020 14:38 1921 Barometr
Поделиться в:
ok

Ырчы Асель Кадырбекованын апасы Дилбар Монокбаева аларга карата жазылган негатив комментарийлерден жүрөгү ооруп жатканын айтты. Бул тууралуу Монокбаеванын социалдык тармактагы баракчасына таянып “Барометр” билдирет.

Анда Кадыбекованын апасы ырчынын күйөрмандары тарабынан терс өңүттө жазылган пикирлерге жооп берди.

“Саламатсыздарбы кыргыз элим! Кутман таң! Эртең менен аябай негатив комментарийлерди окуп жүрөгүм ооруду! Мен энемин, кызыма ушундай терс таасир эткен сөздөрдү ыраа көргүм келбейт! Кызым эч кимге катуу сүйлөбөгөн назик инсан! Мен сиздерге, сиздер окуган дуаңыздарга эки жолу ыраазычылыгымды билдиргем! Эгерде ошол жазган ыраазычылыгымды окубасаңыздар мен күнөөлүү эмесмин да. Сиздерден сураныч, негатив жазган инсандар, сиздер мен жана кызым жөнүндө аябай жаман сөздөрдү жазып моокумуңуздар кандыбы? Эмне маалымат уккуңуздар келди? Кызым ооба, ооруканадан аман-эсен чыкты, Кудайга шүгүр. Реанимацияда иштеген бут медицина кызматкерлерине таазим кылам. Кызымды экинчи жолу төрөгөндөй болдум. Буюрса, акырындап өзүнө келе баштады. Убакыт керек экен. Сабыр кылып туруңуздар, кызым интернетке кирип, бир нерсе жаза турган акыбалга келе элек. Ал эми салон жөнүндө жазгандарга, жарнама кылбай кызың жөнүндө маалымат бербейсиң дегендерге: “Салонду жарнама кылуу менин ишим. Эгерде иштебей туруп калса дагы айтмаксыңар, “энеси оозун ачып отурбай иштетпейби деп!”. Мен жардам бербесем ким жардам бермек эле. Бизнести токтотсок артка кетет, кызымдын ушунча эмгегин таштап коё албайм. Канча деген убактысын, нервин кетирип, жакшы ой-тилек менен ачкан салон элге кызмат кылып, киреше алып келсе, кызыма менден жардам болот. Эчкимди “балам” деп сыздатпасын. Эгерде биз жакпай жатсак, биздин инстаграмга кирбей эле коюңуздар, өзүңүздөрдүн да жаман нерселерди жазып убактыңыздарды коротпоңуздар, күнөөгө батпаңыздар. Дуа кылып, кызым үчүн сарсаана болгонуңуздарга ыраазычылыгымды билдирем”, - деп жазган ырчы Асель Кадырбекованын апасы.

Ссылка: https://barometr.kg/asel-kadyrbekovanyn-apasy-kyzym-internetke-kirip-post-zhaza-turgan-akybalga-kele-elek



Добавить комментарий