Асель Кадырбекова алгачкы кадамдарды жасап, кыймылдай баштады
Жол кырсыгына кабылып, ооруканада жаткан ырчы Асель Кадырбековага операция жасалды. Бул тууралуу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабековдун сөзүнө таянып “Барометр” билдирет.
Анда хирург ырчы айымдын акырегине операция жасалганын айтты.
"Асель Кадырбекованын акырегине 9-июлда операция жасалган. Ал алгачкы кадамдарды жасап, кыймылдай баштады. Учурда жандандыруу бөлүмүндө, жанында апасы бар. Анын абалы аз-аздан жакшырууда", - деди Жумабеков.
Эскерте кетсек, 26-июнда Бишкектин Медеров менен Тыныстанов көчөлөрү кесилишкен жерде эки унаа катуу сүзүшкөн. Андагы унаалардын бирин ырчы Асель Кадырбекова башкарып келе жаткан. Кырсык болгон жерге тез жардам кызматы чакырылып, ырчы айым оор абалда Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген.
Ссылка: https://barometr.kg/asel-kadyrbekovaga-algachky-kadamdardy-zhasap-kyjmyldaj-bashtady
Добавить комментарий ×