Асел Кадырбекова: Туура бир жыл мурун тирүүлүктүн тузун татуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгом

26 июня 2021 13:16 3454 Barometr
Поделиться в:
ok


Ырчы Асел Кадырбекова жаңы ырын тартуулады. Бул тууралуу социалдык баракчасы аркылуу ырчы өзү маалымдады.

“Туура бир жыл мурун Аллахтын буйругу, сиздердин тынымсыз дуаңыздар менен, мекенибиздин мыкты ак халатчандарынын жардамы аркылуу, кайрадан жаралган сымал бул жашоону улантуу, тирүүлүктүн тузун татуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгом.

Маңдайыма жазылган сыноого бай күндөрдө элимдин дуасы, жакшы сөзү мени күчкө толтурду. Мекендештериме болгон ыраазычылыгымды айтып бүтө албайм.

Бүгүн мен жаңы сахнага аттанып жаткан Аселдей жүрөгүм оозума кептелип толкунданып турам. Себеби чыгармачылыктан алыстай түшкөнүмдү билесиздер. Бирок сиздердин колдооңуздар мени баарын башынан баштоом үчүн күч берди. 

Кадырлуу замандаштарым тагдырдын тамашасы менен жаңы чыгармамдын бет ачары дал ушул күнгө 26-июнга туура келип отурат. Бул да болсо бир буйрук жакшы белги деп билем.

Журтума "Кечикпе" аттуу чыгармамды жан дүйнөмдөн тартуулайм. Жүрөгүмдөн чыккан ырым жүрөгүңүздөргө жетет деп ишенем”, - деп кайрылды күйөрмандарына ырчы.

Ырдын обону Ильяз Абдразаковго, сөзү Акбар Кубанычбековго таандык.

Ссылка: https://barometr.kg/asel-kadyrbekova-zhay-yryn-tartuulady



Добавить комментарий