Асель Кадырбекова: "Түндө ойгонобуз, уктабайбыз. Ызы-чууну жактырбайбыз, аябай кеч уктайбыз"

20 мая 2019 12:23 14253 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Жылдыздуу түгөйлөр Асель Кадырбекова менен Нурлан Насип үстүбүздөгү жылдын 27-мартында Дария аттуу кыздуу болушкан. Жубайлардын мамилеси алар кыз-жигит болуп жүргөн кезден тарта эле талкууга алына баштап бүгүнкү күндө да ар тараптуу сындар айтылып келет. Көпчүлүк буга чейин Нурлан менен Аселдин жеке жашоосуна кызыгышса, эми алардын кызы тууралуу суроолорду жаадырышууда.

Кызы тууралуу Нурлан:

“Бала деген ушунчалык ширин болоорун билбеген экем”, -деп кызына болгон сүйүүсү менен бөлүштү.

Ал эми Асель Дария тууралуу:

“Түндө ойгонобуз, уктабайбыз. Ызы-чууну жактырбайбыз, аябай кеч уктайбыз. Уктаар алдында сөссүз түрдө жеке концерт коёбуз, ата-апабызды кыйнашыбыз керек да. Мына ушинтип биздин жашообуз жаңы түстөргө боёлуп жатат. Бала төрөлгөндөн кийин гана жашоонун маңызын түшүнөт экенсиң. Балким эми экинчи наристенин кезеги келди?”, -деп кызынын мунөзү тууралуу айтып экинчи балалуу болууну пландоо тууралуу пикирин ортого салды.

Күйөрмандар балдар эч качан аз болбойт, туура пикир деп колдоого алышты.

Ссылка: https://barometr.kg/asel-kadyrbekova-tnd-ojgonobuz-uktabajbyz-yzy-chuunu-zhaktyrbajbyz-ayabaj-kech-uktajbyz



Добавить комментарий