Асель Кадырбекова: "Тайенебиз бизди атабыздын колуна тапшырды!"
Жылдыздуу түгөйлөр Нурлан Насип менен Асель Кадырбекова үстүбүздөгү жылдын 27-март күнү кыздуу болушкан. Алар тун наристесине Дария деген ысым ыйгарышкан. Асель кыргыздын салты менен төрөттөн кийин кызынын кыркын чыгарып келүү үчүн өзүнүн апасынын үйүнө кеткен эле. Кечээ Дариянын төрөлгөнүнө 40 күн болгонунун урматына жубайлар жакындарынын курчоосунда Бешик тоюн өткөрүштү.
Бул тууралуу жубайлардын өкүл апасы Неля Нуркулова:
"Бүгүн орозонун алгачкы күндөрүндө өкүл балдарыбыздын кыргыздын салты боюнча бешик тоюна күбө болдук. Буюрса, неберем Дария силерди дайыма кубантып, силердин сыймыгыңар, бактыңар болсун. Бешик бооңор бек болсун!", -деген каалоо тилегин билдирди.
Ал эми жаш эне Асель Кадырбекова өзүйүнө келгендиги тууралуу төмөндүгүчө жазып калтырды:
"Кудайым буйруп, тайенебиз 40 күнүбүздү чыгарып, бизди атабыздын колуна тапшырды! Кызым үйүңө куш келипсиң".
Эске салсак, Асель Кадырбекова менен Нурлан Насип 2018-жылдын 10-майында дүркүрөтө үлпөт тоюн беришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/asel-kadyrbekova-tajenebiz-bizdi-atabyzdyn-koluna-tapshyrdy
Добавить комментарий ×