Асель Кадырбекова "Нурлан Насип менен ажырашып кетиптир" деген сөзгө чекит койду

15 мая 2020 15:13 2391 Barometr
Поделиться в:
ok

Эстрада ырчысы, Нурлан Насиптин аялы Асель Кадырбекова алар кайрадан жарашып, учурда жашап жатканын билдирди.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда эки ырчы ажырашып кетиптир деген имиштер тараган болчу.

"Идеалдуу үй-бүлө жок. Бардыгы кыйынчылыктарды баштан өткөрүшөт. Эң башкысы ошол сыноодон татыктуу өтүү. Биз дагы четте калган жокпуз. Биз идеалдуу үй-бүлөбүз деп иллюзия түзгүм келбейт. Биз өз түйшүгү бар катардагы эле үй-бүлөбүз. Себеби ар бирибиздин сезимдерибиз, эмоциябыз бар. Бизди оор күндөрү колдоп турган ата-энебизге, досторго жана күнү-түнү инстаграмды карап отурган күйөрмандарга рахмат. Ал эми биздин оор күндөрүбүздү пайдаланып өзүнө катталуучу жана лайк топтогондорду Кудайга койдум. Биз сыноодон өттүк, эми баары жакшы болот деп ойлойм", - деп жазды Кадырбекова.

Ал ошондой эле Нурлан Насип менен 9 жылдан бери бирге экенин айтып, анын 7 жылын кыз-жигит болуп жүрүшсө, 2 жылын чогуу түтүн булатуу менен өткөрүшкөн.

Ссылка: https://barometr.kg/asel-kadyrbekova-nurlan-nasip-menen-azhyrashyp-ketiptir-degen-szg-chekit-kojdu



Добавить комментарий