Асель Кадырбекова: Мен башымдан эмес акырегимден операция болгом

4 февраля 2021 09:52 2937 Barometr
Поделиться в:
ok

Ырчы Асель Кадырбекова инстаграмдан күйөрмандары берген суроолорго жооп берип жатып, операция башына эмес акырегине жасалганын айтты. Бул тууралуу ырчы кыздын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Ырчы кыз жакын арада эле Түркиядан толук текшерүүдөн өтүп келгенин айтып, ар бир 6 ай сайын 3 жыл аралыгында көрүнүп туруу керек экендигин айтты.

“Кудайга шүгүр, азыр жакшы болуп келе жатам. Анализдерим баары жакшы чыкты. Учурда дары эле ичип жатам.

Ал эми, менин кайсы жериме операция кылынганы тууралуу көп сурашат. Операция акырегиме жасалган. Чачым болсо кырсыктаганда жулунуп кетиптир, ошондуктан алганга туура келиптир. Эң негизгиси өзүм аман калдым. Башыман операция болгон жокмун”, - деп жооп берди ырчы.

Ошону менен катары эле, ырчынын сулуулук салону тууралуу да суроолор берилди.

“Сулуулук салонум жабылган. Аман болсом кийин ачып алам”, - деди Кадырбекова.

Ага утурлай эле ырчыга “экинчи наристелүү болуу оюңузда барбы” деп да сурашты.

“Кудайым буюрса албетте, тилек кылып жатам. Азырынча кызым Дария кичинекей, ошондуктан бир аз чоңойсун. Мен өзүм да бир аз калыбыма келип, ден соолугумду чыңдап алайын.

Ал эми, мени кырсыкка учураганда боюнда бар экен деген сөздөр жалган”, - деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, Асель Кадырбекова 2020-жылдын жай айында жол кырсыгына кабылып, оор абалда ооруканага түшкөн. Бир нече күн жандандыруу бөлүмүндө жатып, ага оор операциялар жасалган. Кырсыктын кесепетинен дагы да болсо калыбына жакшы келе албай жатканын айткан жубайлар, чет өлкөдөн дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп келерин айтып келишкен. 

Ссылка: https://barometr.kg/asel-kadyrbekova-men-bashymdan-emes-akyregimden-operaciya-bolgom-chachym-kyrsyk-bolgondo-zhulunup-ketkende-alganga-tuura-kelgen



Добавить комментарий