Асель Кадырбекова көзүн ачып, тамак иче баштады
Жол кырсыгына кабылып, оор жаракат алган ырчы Асель Кадырбекованын абалы жакшыра баштады. Бул тууралуу академик Сабырбек Жумабековко шилтеме берип «Барометр» билдирет.
«Кадырбекова комадан чыкты. Медицина тили менен айтканда «сопр» абалында, бирок толук өзүнө келе элек. Көзүн ачып, тамак иче баштады. «Тилиң, мурдуң кана» десе көрсөтө баштады. Биз анын сакайып кетүсүнө болгон аракетибизди жумшап жатабыз», - деп билдирди профессор.
Эскерте кетсек, 26-июнда Бишкектин Медеров менен Тыныстанов көчөлөрү кесилишкен жерде эки унаа катуу сүзүшкөн. Андагы унаалардын бирин ырчы Асель Кадырбекова башкарып келе жаткан. Кырсык болгон жерге тез жардам кызматы чакырылып, ырчы айым оор абалда Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген.
Ссылка: https://barometr.kg/asel-kadyrbekova-kzn-achyp-tamak-iche-bashtady
Добавить комментарий ×