Асел Кадырбекова кызы эмчек эмип, ботко жегенине карабай салмак албай жатканын жазды

4 марта 2020 16:30 1536 Barometr
Поделиться в:
ok

Эстрада ырчысы Асел Кадырбекова кичинекей кызы 11 ай болгонун Instagram баракчасына жазды.

Андан сырткары кызы эмчек эмип, кошумча тамак жегенине карабай жакшы салмак албай жатканын жазды.

“Периштем жакшы салмак албай жатат. Пюре, ботко, быштакка табити тартпай жатат. Ага карабай тамак берип жатам. Балким маселенин бары генде чыгар, аябай активдүү. Чоңдор кармаса эле басам деп тырышат. Кызымдын мүнөзү бар. Төрт тиши чыкты”, — деп жазды ал.


 Кадырбекова балким бул жазгандары кимдир бирөө үчүн майда-барат нерсе болушу мүмкүндүгүн, бирок энелер үчүн бул бир дүйнө экенине токтолду.

Ссылка: https://barometr.kg/asel-kadyrbekova-kyzy-emchek-emip-botko-zhegenine-karabaj-salmak-albaj-zhatkanyn-zhazdy



Добавить комментарий