Асель Кадырбекова кош бойлуулуктагы жана учурдагы абалы менен бөлүшөт: "Дене мүчөм тууралуу кыжаалат болбой элемин"
Ырчы Асель Кадырбекова жолдошу Нурлан Насип менен 2018-жылдын 10-майында баш кошуп, чоң салтанат менен үлпөн тоюн өткөргөн эле. Жыл айланбай жылдыздуу түгөйлөр 27-март күнү Дария аттуу кыздуу болушкан. Асель көз жаргандан кийин кыргыздын салты менен наристесинин кыркын чыгаруу үчүн өзүнүн апасынын үйүнө кеткен. Ырчы бош отурбай соцтармактагы окурмандарын жана күйөрмандарын кызыктырган суроолорго жооп берди.
-Кызыңыз кимге окшош? Жоошпу же ыйлаакпы?
-Атасына окшош. Кудайга шүгүр жоош.
-Дариянын кыркы чыктыбы?
-Чооң рахмат, баары сонун. Буюрса, 6-май кыркыбыз чыгат.
-Кош бойлуулук учурунда шишидиңизби?
-Ооба.
Кызыңызды кош бойлуулуктун кайсыл жумасында төрөдүңүз?
-38-жумада.
Сиз үйдө үй жумуштары менен алектенесизби?
-Азырынча апамдын үйүндөбүз, курортто жүргөндөйбүз. Эч нерсе кылбайбыз, кылдырышпайт дагы. Аябай эркелетип жатышат. Кызым экөөбүз жеп, анан уктап жатабыз.
-Өзүңүз төрөдүңүзбү же операция жолу менен төрөдүңүзбү?
-Өзүм төрөдүм.
-Кош бойлуулук учурунда чач кыркууга болобу?
-Мен аябай ырымдарга ишендим, чачымды кырккан дагы боёгон дагы жокмун.
-Канча жашка чейин эмизүүнү пландап жатасыз?
-1-1,5.
-Кош бойлуулукту алдын ала пландап, даярдандыңыздарбы?
-Ооба! Менин оюмча дени сак бала төрөлүшү үчүн ар бир кош бойлуулук алдын ала пландалышы керек.
-Сиздер өз алдынча турасыздарбы же ата-энеңиздер мененби?
-Ата-энебиз менен.
-Кош бойлуулук мезгилинде өзүңүздү кармай албай калган учурлар болдубу?
-Кош бойлуу аялдардын баарында эле мындай жагдайлар болот деп ойлойм. Мен да абдан эмоционалдуу болуп кеттим, Кээде өзүңдү башкара албай каласың.
-Таксикоз болдуңузбу?
-Тогуз ай толугу менен уйкуга жана апамдын тамагына талгак болдум.
-Төрөттөн кийин бат эле мурдагы калыбыңызга келдиңиз окшойт, бир нерселерди жасадыңызбы?
-Кош бойлуулук учурунда 65-68 кг болдум эле, кийин бат эле арыктап кеттим. Эмнеге мындай болгонун өзүм да түшүнбөй калдым. Курсагым да бат эле кирип кетти. Учурда 53-54 кг салмактамын, чынын айтсам дене мүчөм тууралуу кыжаалат болбой элемин.
Добавить комментарий ×