Асель Кадырбекова: "Бирөөнүн жашоосуна кийлигишпегиле"

15 январь 2019 11:21 6663 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Асель Кадырбекова өзүнүн жеке Instagram баракчасынан окурмандарына кайрылуу жасады. Кайрылуусунда ырчы айым жалпы катталуучуларынан бирөөнүн жашоосуна кийлигишпөөсүн суранган мазмунда жазды.

Асель Кадырбекова өз постунда:

"Кэчээ эле бир айымдын постун окуп туура деп ойлоп койдум эле. Бүгүн мен да ушул нерсени жазгым келди. Биздин коомго жагыш үчүн өзүңдү байкуш, өлүмүш кылып көрсөтсөң гана жагат экенсиң. Бир аз күчтүүлүгүңдү, бактылуулугуңду көрсөтсөң каралап, балээнин баарын жазып жармашып калышат экен. Бирок бул нерсеге деле жыргап жетпесек керек. Ооба, инстаграмда укмуш, баары жеңил, оңой, таттуу көрүнөр, бирок ар бир пенде сыяктуу эле тырышып, арасында ыйлап, күлүп көптөгөн кыйынчылыктын артынан жеткен чыгарбыз. Билбей туруп ар нерсени жаза берген туура эмес. Кээ бир адамдардын бетке басар эле сөзү «сен артистсин» чыдашың керек деп жазасынар! Биринчиден мен айыммын, менин жүрөгүм, көңүлүм бар. Телефон артында кыйын болуп акыл, жашоону үйрөткөнгө баары уста. Бирөөнүн жашоосуна кийлигишкенди адат кылып алгандайбыз. Инстаграм мен үчүн архив. Кээде эски сүрөттөрүмдү, видеолорду көрүп ошол убакытка кайткандай болом. Ар бир сүрөттүн артында окуя бар. Балким жаштыкка алдырып өтө жеке жаңылыктарым менен бөлүшүп салаттырмын. Бирок болгону ичимде жаман оюм жок. Сиздер менен кубанычымды же жүрөгүмдө болгон сезимдер менен гана бөлүшөйүн деген ойдо." -деп жазды.

Маалым болгондой Асель Кадырбекованын дээрлик бардык постторунда 50-60% терс пикирлер калтырылып келет. Ырчы айым буга карабай жакшы жаңылыктары менен бөлүшүудөн тажабай келет.

Кечээ ырчы боюндагы түйүлдүктүн видеосу менен бөлүшкөн эле.

Ссылка: https://barometr.kg/asel-kadyrbekova-birnn-zhashoosuna-kijligishpegile



Добавить комментарий