Асель Кадырбекова биринчи жолу "Жар-жар" айтып чыкты
Поделиться в:
Ырчы Асель Кадырбекова алгачкы "Жар-жар" ырын айтып чыкты. Бул туурасында ал өздүк баракчасына жазды.
Анда "Бүгүн мен үчүн эң жакшы күндөрдүн бири. Жалгыз кайын сиңдимди турмушка узатып, кыргыздын салты менен жеңелик милдетимди аткарып, биринчи жолу "Жар-жар" айтып чыктым. Жаштар бактылуу болсун"-деген билдирүү калтырган.
Эске салсак, жакында эле Нурлан Насиптин карындашы күйөөгө узап, колдон алып кетишкен. Эми үйлөнүү-үлпөт тою өттү.
Интернет колдонуучулар Асельди "жеңелик милдетин жакшы аткарыптыр"-деген жакшы пикирлерин калтырышууда.
Ссылка: https://barometr.kg/asel-kadyrbekova-birinchi-zholu-zhar-zhar-ajtyp-chykty
Добавить комментарий ×