Төө жалбырактын тамыры - чач түшүүгө каршы эң биринчи каражат

11 января 2022 13:08 1979 Barometr
Поделиться в:
ok

Биз этибар албаган дары чөптөр өзгөчө сулуулук каражаты боло аларын билчү белеңиз? Адистер төмөндөгү кеңештерди сунуштайт.

А, Е витаминдери

Бул витаминдер эрин, чач үчүн пайдалуу. Аларды шампунуңузга кошуп жуусаңыз, чачыңызды жылтыратып коёт. Ал эми кесилген эринге сүйкөсөңүз, кубарып турган эринге өң берип, кесилгенин жок кылат. Мындан тышкары F витамини бырыштарды кетирүүгө жакшы жардам берет.

Төө жалбырак

Төө жалбырактын тамыры - чач түшүүгө каршы эң биринчи каражат. 4-5 аш кашык төө жалбырактын тамырын бир литр сууга кайнатып, даяр болгон соң таза жуулган чачыңызды чайкап салыңыз. Муну жумасына эки жолу аткарсаңыз, чачтын түшүүсү токтоп, тамырлары катуу боло баштайт.

Мумиё

Ашыкча салмак кошкондо тери чоюлуп жагымсыз көрүнүп калат. Андан арылуу үчүн бир таблетка мумиёну майдалап лосьонго, бет майга же жөн эле бир аш кашык ысык сууга аралаштырып туруп көйгөй жараткан жерге сүртүңүз. Мындан тышкары Клирвин майын дагы колдонсоңуз болот.

Кургатылган чөптөр

Ромашка, ит уйгак жана зайтун майын аралаштырып муздаткычка салып тоңдуруп коюңуз. Күнүгө эртең менен турганда же жүзүңүз чарчаңкы тарткан убакта тоңдурулган муз менен жүзүңүздү сүртүңүз. Бул ыкма чарчоону гана жазбастан, жүздөгү майда бырыштарды да кетирет.

Деңиз тузу

Эки стакан жылуу сууга деңиз тузунан жана зайтун майынан бир чай кашыктан кошуп колуңузду салып 10 мүнөт олтуруңуз. Тырмагыңыз катуу болуп, өсүүсү тездейт.

Хлордуу кальций

Хлордуу кальцийди бетти тазалоочу пилинг катары колдонушат. Алгач бетти тазалап жууп алган соң хлордуу кальцийди жүзгө сүртүп, биринчи катмары кургаган соң экинчи ирет сүйкөйт. Ошентип олтуруп 3 катмар сүйкөлөт. Андан соң колду суулап алып жүздү укалап катып калган жерлерин акырын сыйрып алат

Активдештирилген көмүр

Активдештирилген көмүрдү майдалап тиш щёткасы менен тишти сүртсөңүз, тиш агара түшөт. Мындан тышкары тиш пастага бир тамчы лимон майын кошуп жуусаңыз да ушундай эле натыйжа берет.

Ссылка: https://barometr.kg/arzan-dary-darmekter-den-sooluk-zhana-suluuluk-karazhaty-bolo-alaryn-bilch-beleiz



Добавить комментарий