Арыста аскер бөлүгүнөн башка баардык жерде өрт өчүрүлдү
Поделиться в:
Арысь шаарында болгон жарылуудан 2 адам каза таап, 165 адам жабыркады. 25-июнда эртең мененкиге карай аскер бөлүгүнөн тышкаркы баардык жерде өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Facebook баракчасына Түркестан областынын акиминин кеңешчиси Сакен Калкаманов билдирди.
“Өрт өчүргүчтөргө ыраазычылык билдирем, өмүрлөрүн тобокелге салып алар өрт өчүрүштү, урандыларды тазалашты, жашоочуларды эвакуациялашты. Алар түнкүсүн штабда, спорт залда укташты. Эртең мененкиге карай шаардагы баардык өрт өчүрүлдү. Кырсыкты жоюуга 400дөй аскер тартылды”,-деп жазды ал.
Ссылка: https://barometr.kg/arysta-asker-blgnn-bashka-baardyk-zherde-rt-chrld
Добавить комментарий ×