Арыктайм десеңиз айрандын сары суусун ичиңиз!

10 февраля 2022 10:02 7462 Barometr
Поделиться в:
ok

Айрандын сары суусунун курамында лактоза бар. Андыктан, андан тамак алдында бир стакан ичип алса, ал ичти көптүрбөйт жана тамактын тезирээк аш болуусуна жардам берет. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Иммунитетти күчтөө үчүн күн сайын эртең менен бир стакан сары суу ичсеңиз болот.

Сары суунун курамындагы В витамини организмде май менен көмүртектин алмашып туруусун тездетет. Андыктан, аны арыктоо үчүн да колдоно бериңиз.

Сары сууну күн сайын ичип турсаңыз, ал чарчоону жазып, жумушка болгон жөндөмдүүлүктү жогорулатат. Курамындагы калий элементи болсо унутчаактыкты жоюп, эс-тутумду кайтарат.

Стресске каршы эң жакшы каражат. Себеби, ал стрессти пайда кылуучу гормондорду жок кылып, кубаныч гормону аталган серотонинди бөлүп чыгарат.

Организмди уулардан жана шлактардан тазалоодо маанилүү. Ал үчүн эртең менен ачкарын бир стакан сары суу ичип коюңуз.

Сүт азыктарынын сары суусун алуунун жолдору:

Сүттү жылуу жерге коюп койсоңуз, ал ачыйт. Ошондо гана аны жай отко коюп коёсуз. Убакыт өткөндөн кийин сүттүн бетинде быштактын бүртүктөрү пайда болот. Бул маалда аны оттон чыгарып муздатып марлядан өткөрүп жиберсеңиз, таза сары сууну аласыз.

Бир литр сүттү отко коёсуз. Кайнай баштаганда ага бир лимондун ширесин кошуп жиберип дароо оттон чыгарасыз. Бир азда сүт быштактын бүртүкчөлөрүнө жана сары сууга бөлүнө түшөт. Анан аны марлядан сүзсөңүз, сары суусу өзүнчө калат.

Уюган айрандын коюусун өзүнчө алып алсаңыз, мискейдин түбүндө айрандын сары суусу калат.

Сары суунун пайдаланып ден-соолук менен сулуулукка кам көрөлү!

Ссылка: https://barometr.kg/aryktajm-deseiz-ajrandyn-sary-suusun-ichiiz



Добавить комментарий