Сак болуңуз! Бишкек - Ош жолунда кар көчкүлөр атылып түшүрүлүүдө
Гидрометеорология боюнча агенттиктин болжолдоосуна ылайык, Бишкек - Ош (132-137, 198-255-чакырым) унаа жолунда 2020-жылдын 26-январынан 31-январына чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
2020-жылдын 26-январь күнү кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чараларын уюштуруу максатында, КР КК ГШнын артиллериялык эсеби саат 13:20да Москва районунун Беловодск айылынан чыгышып, саат 20:10до Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымында жайгашкан “Итагар” станциясына жетип түнөп калышкан.
Ссылка: https://barometr.kg/artilleriyalyk-kuraldy-koldonup-kar-kchksn-mazhburlap-atyp-tshr-ish-charalary
Добавить комментарий ×