Артем Новиков Кадамжайдагы курулуп жаткан оорукананы көрүп чыкты

8 декабря 2020 09:35 563 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Баткен облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Кадамжай районунун Кадамжай шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Кыргызстанга гуманитардык көмөк берүү алкагында курулуп жаткан медициналык мекеменин имараты жыйынтыкталуу алдында турат. Эки корпустан турган, 214 койка-орунга ылайыкталган оорукана 5-7 күн ичинде пайдаланылууга берилмекчи.

Курулуп жаткан имаратты көрүп чыккан соң, Артем Новиков курулуш иштерин ыкчамдатууну белгиледи. Буга катар премьер-министрдин м.а. курулушта бардык нормалардын сакталышын жана куруучуларга тийиштүү иштөө шартын камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Белгилесек, Өзбекстан тез курулуучу конструкциялардан турган эки медициналык мекемени курууга көмөк көрсөтүү чечимин кабыл алган. Ооруканалардын бири – Бишкек шаарында, ал эми экинчиси Баткен облусунун Кадамжай районунда курулууда

Ссылка: https://barometr.kg/artem-novikov-kadamzhajdagy-214-orunduu-salynyp-zhatkan-oorukanany-krp-chykty



Добавить комментарий