Армениянын атынан чыккан сулуу Сусанна Егорян эми Кыргызстандын атынан "КМШ сулуусу-2018" конкурсуна катышты
Бөлүшүү:
Ишембиде өткөн Астанадагы "КМШ сулуусу-2018" сулуулук сынагында Кыргызстандан барган Сусанна Егорян "Көрүүчүлөрдү суктанткан сулуу" титулуна ээ болуп келди. Ал эми бул конкурста баш байгени Татьяна Акуленко аттуу украиналык сулуу алды. Казакстандык Асем Есенгельдиева калыстардын чечими менен "КМШдагы биринчи вице-мисс -2018" наамына ээ болду. Ал эми үчүнчү орунду Россиялык Виктория Волгинага беришти. Маалымат катары айта кете турган болсок, "КМШ сулуусу-2018" Астанада биринчи жолу өткөрүлүп жатат.
Айтмакчы, Сусанна Егорян World Next Top Model 2017 сулуулар сынагында Кыргызстандын атынан барып, финалга чыкканда Армениянын атынан чыгып, ызы-чуу кылган.
Добавить комментарий ×