Аргентинада төрөлгөнүнө эки күн болгон наристени жонуна бычак сайылган бойдон көчөгө таштап кетишкен (сүрөт)
Аргентинада полиэтилен баштыкка оролгон жаңы төрөлгөн ымыркайды табышты. Наристенин далысына дат баскан бычак сайылган бойдон ороп койгон. Бул тууралуу Daily Mailге шилтеме берип «Барометр» билдирет.
Наристени 31 жаштагы спортзалдын инструктору Диего Себастьян Пенайо тапкан учурда ал тирүү болгон.
Ал дароо эле баланы жакынкы полиция бөлүмүнө алып барган, кийинчерээк наристе доктур Фернандо Баррейронун педиатрдык ооруканасына дарылануу үчүн которулган.
Оорукананын дарыгерлеринин айтымында, баланын төрөлгөнүнө эки эле күн болгон. Денесинде бир нече бычактан жаракат алганы маалым болду. Бактыга жараша, ымыркай дарыгерлердин күчү менен аман калды.
Милиция баланын энесин таап, камакка алды.
Оорукананын кызматкерлери ымыркайга "үмүт" дегенди билдирген Эсперанза деп ат коюуну чечишти.
Добавить комментарий ×