Аргасыздан төшөк кумарына баруу эмне үчүн кооптуу экенин билип алыңыз!
Аял менен эркектин жакын мамилесинде аргасыздан жубайлык милдетти аткаруу кандай зыянын тийгизет? Бул тууралуу barometr.kg сексолог адистердин пикирин сунуштайт.
Ырахат албайт
Кумардануу менен болбогон төшөк мамилесинин мааниси болбойт.Аял да, эркек да акыры соңунда бири-бирине тажап кача баштайт.
Адамдын күч-кубаты эки эсеге кемийт
Эртең менен төшөктөн жакшы маанай менен турган жуптар ал күндү чарсап чаалыкпай, алдуу демдүү өткөрөт.Ал эми аргасыздан мындай кылган жуптардын ал-күчү эки эсе кемип, катуу чарчап, эч нерсеге көңүлү келбей жүрөт.Дайыма ушундай боло берсе бара-бара жан дүйнөсү жабыркап депрессияга кабылышы мүмкүн.
Бакыт гармондору азайят
Аргасыздан кумарга баруу оор жумуш кылган менен тең. Мындай кийин бакыт гармону болгон серотонин азайып адам стресске кабылат. Дайыма стресс абалында жүрүү тез картайюга, бетке эрте бырыш түшүүсүнө, маанай жок жүрүүгө, ден соолуктан маселе чыгуусуна себеп болот.
Ошондуктан төшөктөн жыргайбыз деп эле чамына бергендер өнөктөшүңүздүн бул учурда чыныгы каалоосу бар бекен көңүл бурганыңыз, сурап билгениңиз оң!
Ссылка: https://barometr.kg/argasyzdan-tshk-kumaryna-baruu-emne-chn-kooptuu-ekenin-bilip-alyyz
Добавить комментарий ×