Аравандын Тоо-Моюн айылында уурдалган малдар ээсине кайтарылып берилди
Араванда мал ууруга шектелип, өзбек жараны жана Ноокаттын тургуну кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
"Араван РИИБне арыз менен Тоо-Моюн айыл аймагынын тургуну 31 жаштагы Ш. Ж. кайрылган. Арызда 29-апрелинен 30-апрелине караган түнү үлүш жеринде байланып турган базар баасы 110 000 сом болгон эки баш малын белгисиз жарандар уурдап кетишкендигин билдирген. Натыйжада жабырлануучу Ж.Ш. 110 000 сомдук материалдык зыянга учураган.
Бул фактыда уурулуктун көрсөтүлгөн кылмыш белгилери бар болгондуктан, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлө баштаган. 2-майда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүүлөр кармалган. Алар Өзбекстандын Фергана облусунун тургуну 24 жаштагы Д. М. жана Ноокат районуна караштуу Ынтымак айыл округунун тургуну 21 жаштагы Н.Н. болуп чыккан. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды тактоо боюнча тийиштүү иш-чаралар жана сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө. Уурдалган малдар ээсине кайтарылып берилди", - деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/aravandyn-too-moyun-ajylynda-uurdalgan-maldar-eesine-kajtarylyp-berildi
Добавить комментарий ×