Араванда мечитте өрттөн каза болгондордун өздүгү тастыкталды

23 августа 2018 22:05 1468 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 23-августта Ош облусунун Араван районуна караштуу Гүлбар айылындагы мечиттен чыккан өрттөн каза болгондордун өздүгү тастыкталды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.   

Маалым болгондой, Араван районуна караштуу Керме-Тоо айыл аймагынын Гүлбар айылындагы мечиттен чыккан өрт саат 09:28де толук өчүрүлгөн. Ал эми өрттүн кесепетинен 2 адам каза болуп, алардын аты-жөнү аныкталды. 

Алар 1982-жылы туулган О.Г. аттуу аял киши жана 2008-жылы туулган Р.Д. аттуу бала болгон. Каза болгон жарандардын сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди.  

Белгилей кетсек, 23-августта Ош облусунун Араван районундагы Гүлбар айылындагы мечиттен өрт чыгып, 2 адам каза болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/aravanda-mechitte-rttn-kaza-bolgondordun-zdg-tastyktaldy



Добавить комментарий