Араб эмиринин уулунун колуна галстук байланган сөөгү табылды

3 июля 2019 13:03 9608 Barometr
Поделиться в:
ok

Бириккен Араб эмираттарынын Шарджа эмирлигинин башкаруучусунун уулу шейх Халид бин Султан аль Касиминин сөөгү табылды. Ал 39 жашта болчу. Бул тууралуу The Sun кабарлады. 

Басылма берген маалыматка таянсак, жогорку даражалуу эмирдин уулунун сөөгү Лондондогу үйүнүн ваннасынан табылды.

Анын денесинин жанында шприцтер болгон жана колу галстук менен байланган. Касиминин өлүмүнүн себептери айтылган жок.

Шарджада бул кайгылуу окуяга байланыштуу 3 күндүк аза күтүү жаряланды.

Аль Касими дизайнер болгон жана 2008-жылдан тартып Qasimi бренди менен өзүнүн продукцияларын чыгарып келген.

Эмир Султан IIIтүн улуу баласы Мухаммад аль Касими 1999-жылы 24 жашында героинди ашыкча колдонуп алып каза тапкан.  

Ссылка: https://barometr.kg/arab-emirattarynyn-kmdarynyn-uulunun-koluna-galstuk-bajlangan-sg-tabyldy



Добавить комментарий