Ардагер: Курсан Асановдун Атамбаевдин кылмыш ишине маанилүү далил буюмдарды бербегени бизди тынчсыздандырууда

13 сентября 2019 09:19 2275 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош ОИИБдин ардагерлер Кеңешинин төрагасы Токтосун Боркошов, Курсан Асановдун капысынан ээлеген кызматынан алынышы баарыбыз үчүн күтүлбөгөн окуя болду деген оюн билдирди.

"Курсан Асанов өзүнүн профессионалдуулугун чукул кырдаалда бир нече ирет көрсөтө алган офицер. Ошто өз ишин мыкты билген кызматкер катары тааныла баштаган. 2010-жылдагы Ош окуяларында абалды жөнгө салууда кошкон салымы биздин эсибизде. Курсан Асановдун капысынан ээлеген кызматынан алынышы баарыбыз үчүн күтүлбөгөн окуя болду.

Анын Кой-Таштагы А.Атамбаевдин үйүндөгү кылмыш ишине маанилүү далил буюмдарды тергөө тобуна бербегендиги жана окуя болгон жердеги далил буюмдарды кол менен кармап жылдыргандыгы юрист катары бир топ катаачылыкка жол берди деп ойлойм. Бул аракет чыныгы өз ишинин адиси генералга жарашпай тургансыйт.

Анан да бул иш боюнча тергөө аягына чыга электе массалык маалымат каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин дарегине карата ар кандай туура эмес пикирлер пайда болуп жатышы бизди тынчсыздандырууда", - деди ардагер.


Ссылка: https://barometr.kg/ar-kandaj-tuura-emes-pikirler-pajda-bolup-zhatyshy-bizdi-tynchsyzdandyruuda



Добавить комментарий