Ар бир күнгө арналган пайдалуу кеңештер

9 февраля 2022 09:05 2693 Barometr
Поделиться в:
ok

Бактылуу жашоого арналган пайдалуу кеңештерди адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Күнүгө жок дегенде 10-30 мүнөт таза абада сейилдеңиз.

Күнүгө он мүнөт тынч ойлонууну өзүңүзгө арнаңыз.

Жети сааттан ашыкча уктабаңыз.

Китепти көп окуңуз.

Мүмкүн болсо, күнүңүздү 70 жаштан ашкан кемпирлер менен баарлашууга өткөрүңүз

Консерваланган тамак-ашты азырак колдонуп, табигый колдо жасалган тамактарды көп колдонуңуз.

Күнүнө жок дегенде үч адамга күлкү тартуулаңыз.

Өткөндү унутуңуз. Бүгүнкү күн менен жашаңыз. Анткени, мурунку жагымсыз окуялар, эртеңки күнгө таасирин тийгизбей койбойт.

Жагымсыз ойлордон арылыңыз. Жалаң жакшы нерселерге көңүл бөлүңүз. Өмүр бул-мектеп. Биз бул жашоого сабак алуу, тажрыйба топтоо  жана өзүбүздү өнүктүрүү үчүн келгенбиз.

Бирөөнү эч качан жек көрбөңүз. Анткени, ансыз да өмүр кыска.

Ссылка: https://barometr.kg/ar-bir-kng-arnalgan-pajdaluu-keeshter



Добавить комментарий