Ар бир адамдын ден соолугу өзүнүн колунда, ага алдын ала кам көрүү гана керек
Невролог Супарна Бегалиева ИИМдин маалымат кызматынын ден соолукка кам көрүү боюнча бир нече суроолоруна жооп берген.
«Биринчи байлык ден соолук» дегендей, жаңырган жаңы жылда биз ден соолук темасына көңүл буруп, бул жаатта мындан ары дарыгерлер менен болгон маекти, алардын кеп-кеңештерин сиздерге сунуштап турмакчыбыз. Бүгүнкү конок ИИМдин медицина кызматынын жогорку категориядагы невролог дарыгери Супарна Бегалиева.
-Супарна айым, күнүмдүк жашоо турмушубузда «бүт нерсе нервден башталат» деген сөздөрдү көп угуп жүрөбүз. Алгач нерв тутуму, анын адамдын жашоосундагы ролу тууралуу кеп баштасак.
-Нерв тутуму, мээ адамдын организминде эң негизги ролду ойнойт. Бардык нерсе мээден келип, жүрөктүн иштешине (сүйүнүч, кайгыруу сезимдерине ж.б.) команда берилет. Медицинадагы биздин профессорлор айткандай: «что упало, то пропало», нерв клеткасын кайра калыбына келтирүү өтө кыйын. Азыр оорулардын баары заманга жараша болуп жатат десек болот. Мурда инсульт, инфарк, депрессияга кабылуу ж.б. улгайып калган адамдарда кездешсе, бүгүнкү күнү ал оорулар «жашарып» жатат, анткени учурдагы жашообуздагы көрүнүштөр ага себепкер болууда. Бардык оору нервден башталат деген туура, мисалы, адамдын нерв тутуму тынч болбогон учурда ашказан, жүрөк оорулары күчөйт. Кан басымы көтөрүлгөн учурлар да бүгүнкү күнү «жашарды», негизи эле бардык оорулардын 70 пайызы нерв тутумунун таасири алдында жаралат десек болот.
Сизге кайрылган милиция кызматкерлеринин арасында кайсыл оорулар көп кездешет? Себеби эмнеде?
-Бизге кайрылган милиция кызматкерлеринин оорулары көбүнесе жумуштарына байланыштуу десек болот. Кызматкерлердин арасындагы оорулардын алдын алуу максатында биз жыл сайын медициналык кароодон өткөрүп, тийиштүү кеп-кеңештерибизди айтып келебиз. Республикабызда ар убак түрдүү кырдаалдар жаралып, митингпикеттер өтүп турганы (мисалы, Кой-Таш окуясы) турмуш чындыгы. Андай учурда милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздап, дайыма алдыңкы катарда жүрүшөт эмеспи. Дал ошол учурларда травма алган, элден тил угуп нерв болгон мезгилдери болот. Анын баары чогулуп келип, бир ооруну жаратат. Травма алган кызматкерди биз ошол замат каттоого алып, оорусу курч мезгилинде аны ооруканага жаткырып дарылаганга аракет кылабыз. Андан сырткары, ар алты ай сайын алардын ден-соолугун текшертип, дарыланып туруу керектигин эскертебиз. Бирок, өкүнүчтүүсү, бардык эле кызматкерлер убагында келип дарылана алышпайт. Аны менен бирге инсульт оорусу, кан басымы көтөрүлүү, стресске кабылуу, уйкусуздук, сырткы кызматтарда иштегендердин арасында омуртканын грыжасы кеңири тараган. Андай оорунун белгиси байкалган кызматкерлерге атайын көнүгүүлөрдүн буклеттерин берип, турникке тартынууну, дене тарбия сабактарына барууну сунуштайбыз.
Ссылка: https://barometr.kg/ar-bir-adamdyn-den-soolugu-znn-kolunda-aga-aldyn-ala-kam-kr-gana-kerek
Добавить комментарий ×