Апсамат Масалиевдин жаркын элесине арналган турнир өтөт
Борбор калаадагы Кожомкул атындагы спорт сарайда алыш күрөшү боюнча эл аралык турнир өтө турганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматынан Нурпери Садырбекова кабарлады.
Таймаш 19-декабрга белгиленген. Кыргыз Эл баатыры, коомдук жана саясий ишмер Апсамат Масалиевдин элесине арналган турнирге Кыргызстандан башка Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россия, Монголия Түркмөнстан, Белоруссия жана Ирандын балбандары катышары күтүлүүдө.
Эл аралык мелдешке 18 жашта жогорку спортчулар катышып, классикалык стилде эркектер 70, 80 килограммдан жогорку салмакта күрөшүшөт. Ал эми кыз-келиндер 55, 65 килограммдан жогорку салмакта күч сынашат.
Иш-чараны Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция, Алыш федерациясы жана Апсамат Масалиев атындагы коомдук фонду уюштурулуда.
Ссылка: https://barometr.kg/apsamat-masalievdin-elesine-arnalgan-turnir-tt
Добавить комментарий ×