Apple компаниясы уюлдук аппараттарын өчүрүүдө
Поделиться в:
Apple компаниясы АКШда өткөн нааразычылык акциясында дүкөндөрдөн уурдалган уюлдук телефондорун өчүрүп жатат. Бул тууралуу CNN телеканалы билдирди.
Уурдалган телефондорго Apple компаниясынан билдирүүлөр келип жатканы социалдык тармактарга жүктөлгөн. Анда уюлдук телефон блоктолгонун жана ал көзөмөлдө турганын, уурдалган аппаратты дүкөнгө кайтарууну камтыган билдирүүлөр келген.
Эске салсак, АКШда афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнө байланыштуу нааразычылык акциялары башталган.
Ссылка: https://barometr.kg/apple-kompaniyasy-uyulduk-apparattaryn-chrp-zhatat
Добавить комментарий ×