Apple компаниясы аккумулятордук батареясы бар электромобилди чыгарууну пландап жатат
Поделиться в:
Apple компаниясы аккумулятордук батарея технологиясы менен өзү башкарган электр унаасын жасоону каалап жатат. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттигине таянуу менен “Барометр” билдирет.
Компания мындай машинаны 2014-жылы Project Titan деп аталган долбоордун алкагында иштеп баштаган. Бул проект 2024-жылга чейин бүтүрүү пландалууда. Келечектеги унаанын негизги өзгөчөлүгү – батарея менен иштейт. Бул автомобилдин чыгымын "радикалдуу" төмөндөтүп, басып өткөн аралыкты көбөйтө алат.
Бирок, Apple компаниясынын пландарына коронавирус пандемиясы таасир этиши мүмкүн. Ошондуктан, өндүрүштүн башталышы 2025-жылга жылдырылышы мүмкүн.
Компания бул унаалар тууралуу ЖМКга азырынча комментарий бере элек, бирок аталган долбоор тууралуу дагы четке каккан жок.
Добавить комментарий ×