Апасы Россияда жүргөн 9 жаштагы баланы тарбиялайм деп тууганы БМВга сүйрөттү
27-апрелде болжол менен саат 8:00дө Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына «Алтын Казык» жаңы конушундагы эркек киши баланы сабап жатканы тууралуу кабар түшкөн. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Окуя болгон жерге Биринчи май райондук ИИБдин кызматкерлери дароо барды. «Алтын Казык» жаңы конушунда 2010-жылы туулган Ж. К.ны 1986-жылы туулган Б. С аттуу тууганы сабаганы аныкталды. Ал БМВ маркасындагы унаага баланы бир нече метрге чейин сүйрөтүп барган. Бала токтоосуз түрдө 3-клинкалык ооруканага жаткырылды.
Б. С. кармалып Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына камалды. Тиешелүү соттук-медицналдык экспертизалар дайындалды.
Алдын ала алынган маалыматтарга караганда баланын апасы азыр Россияда иштеп жүрөт, атасы жок. Аны туугандары багып жатышкан.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш кодексинин 266-беренеси “бейбаштык” боюнча катталды.
Ссылка: https://barometr.kg/apasy-rossiyada-zhrgn-9-zhashtagy-balany-tarbiyalajm-dep-tuugany-bmvga-sjrtt
Добавить комментарий ×