"Апамды издеп" тасмасынын экинчи бөлүгү Түркияда тартылды

11 январь 2019 14:00 1245 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

"Апамды издеп" тасмасынын экинчи бөлүгү Түркияда тартылды. Бул тууралуу тасманын режиссеру Руслан Акун жеке баракчасы аркылуу кабарлады.

Маалыматтарда айтылгандай, тасманын экинчи бөлүгүндө мурунку эле каармандар роль жараткан.

 Бул жолу алар Түркияга келишет. Эпилепсия менен ооруган досторуна оорукана издеп жүрүп бир тасма жылдызынын аркасынан куугунга түшүшөт. Тасмада кыргыз, казак жана америкалык 4 достун окуясы баяндалат.

Белгилей кетсек, Руслан Акун «Салам Нью-Йорк», «Апамды издеп», «Көк бөрү» жана башка тасмаларда режиссерлук кылган.

«Апамды издеп 2» тасмасы 2019-жылдын 7-февралынан тарта чоң экранда көрсөтүлөөрү айтылды. 

Ссылка: https://barometr.kg/apamdy-izdep-tasmasynyn-ekinchi-blg-trkiyada-tartyldy



Добавить комментарий