Анжелина Жоли Бред Питтен балдарына алимент төлөөсүн талап кылды
Белгилүү Голливуд жылдызы Анжелина Жоли Бред Питтен балдарына алимент төлөөсүн талап кылды. Бул туурасында NBC News маалымат агенттиги жазып чыкты. Жолинин жактоочусу Саманта Блей Деджиндин айтуусунда экөө ажырашкандан бери Бред Питт бир да жолу балдарына алимент төлөбөгөн. Лос-Анжелестеги Калифорния штатындагы Жогорку Сотко кайрылган арызда актрисанын канча суммадагы каражатты талап кылып жаткандыгы азырынча айтылган жок.
Эске салсак, эки жылдыз 2016-жылы ажырашкан. Арыз Анжелина Жоли тарабынан жазылып, буга актриса экөөнүн мамилеси келишпегендигин айткан. Сот эки жылдыздын ортосундагы балдарды энеси тарабына чечип, Жолиге калтырган. Бирок, Бред Питт балдарын анын руксаты жок киного тартууга Жолиге тыюу салган. Ошондой эле, эгерде Жоли балдарын атасы менен көрүштүрбөсө, анда сот актрисаны балдар менен болуу укугунан ажыратат деп билдирген.
Ссылка: https://barometr.kg/anzhelina-zholi-bred-pitten-baldaryna-aliment-tlsn-talap-kyldy
Добавить комментарий ×