Анжелина Жоли 18 мүнөт аарыларга оронуп турган. Видеосу

21 мая 2021 12:54 2126 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok


Голливуд актрисасы Анжелина Жоли аарылардын тобу менен National Geographic журналынын видеоролигине тартылды. Видеороликтин негизги максаты 20-май Аарылардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата курт-кумурскаларды коргоо, көбөйтүү болуп саналат. Бул тууралуу National Geographic  журналындагы маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Уюштуруучунун айтымында, фотосессия ийгиликтүү аяктаган.

"Анжелина Жолиден башкасынын бардыгы аарылардан коргоочу костюмдарды кийишкен. Ал жер аарылар тынчсызданбашы үчүн караңгылатылып, тынч болгон. Актриса 18 мүнөт бою аарылардын курчоосунда кыймылдабай турган", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, актрисанын денесине курт-кумурскалар туура багытта сойлоп кетиши үчүн атайын феромондор сыйпалган.

Эскерте кетсек, National Geographic журналындагы атайын даярдалган материалда акыркы он жылдыктарда аарылардын саны кескин кыскара баштаганын жана бул өз кезегинде адамзатка ачарчылык менен коркунуч туудурушу мүмкүн экендиги жазылган. 2025-жылга чейин аарылардын санын 125 миллионго көбөйтүү пландалууда.

Ссылка: https://barometr.kg/anzhelina-zholi-18-mnt-aarylarga-oronup-turgan-videosu



Добавить комментарий