Анжелина Джолли жолдошу Брэд Пит менен өткөргөн убактысы үчүн компенсация талап кылды

10 апрель 2019 17:17 2189 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Дүйнөгө белгилүү актриса Анжелина Джолли мурдагы долдошу Брэд Питтке кайрылып жаштыгын, үй-бүлөлук жашоого кеткен убактысын кайтарып берүүсүн жана компенсация төлөп берүүсун талап кылды. Бул тууралуу Дни.ру басылмасы жазды.

Актриса жолдошу кинокарьерасын түзүп алуусу үчүн бир топ сунуштардан баш тарткандыгын, материалдык жактан чыгымга учураганын айтууда.

Дал ушул себептен Джолли жолдошунун байлыгы акыйкат бөлүнүшүн талап кылууда. Питтин учурдагы байлыгы орто эсеп менен 400 миллионду түзөт. Актриса жолдошу бул сумманы анын колдоосу менен тапканын да кошумчалады.

Эки белгилүү актёрдун эки ажырым жолго түшүү процесси бир нече жылга созулуп кетти. Таң калыштуусу Джолли менен Питт бүгүнкү күнгө чейин ажырашыша элек.

Жакынкы кундөрдө актёрлор кайрадан ажырашуу барагына кол коюшуп, байлыктарын бөлуп алууга киришээри тууралуу маалымат тараган.

Ссылка: https://barometr.kg/anzhelina-dzholli-zholdoshu-bred-pitten-tkrgn-ubaktysy-chn-kompensaciya-talap-kyldy



Добавить комментарий