Анжеликанын Марат Назарбеков менен түшкөн сүрөттөрү жарыяланып, кайрадан талкууга түштү

10 сентябрь 2018 13:00 17458 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Ырчы, алып баруучу Анжелика айым кайрадан интернетке чыгып кеткен сүрөттөрдөн улам көпчүлүктүн талкуусунун чордонунда калды. Жергиликтүү басылмалардын бири Кыргыз патенттин мурдагы башчысы Марат Назарбеков менен түшкөн ырчы айымдын сүрөттөрүн жарыялап, дагы деле ысык мамиледе жүргөндүгүн айтып, жазып чыкты. 

Анда мындай деп айтылат:

"Шоу бизнес жылдызы чырдан башы чыкпаган Анжелика айым ишкер, Назарбеков Марат менен ысык мамилесин дагы эле үзө элек.

Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, Анжелика Марат мырза менен болгон мамилесин үзбөстөн экөө дагы эле «бирге» экен. Марат мырза Анжеликага үй алып берип, материалдык жактан камсыздап, жада калса «Вефа» соода түйүнүнөн ырчыга бутик ачып берген.

Эске сала кетсек, ырчы буга чейин Кыргыз патенттин мурдагы башчысы Марат Назарбеков менен эч кандай мамилеси болбогонун айтып актанган эле.

Кызык жагдай жаралууда, төмөндө бүгүн жарыя болгон сүрөткө ырчы айым эмне деп жооп берээр экен". 


Ссылка: https://barometr.kg/anzhelikanyn-marat-nazarbekov-menen-tshkn-srttr-zharyyalanyp-kajradan-talkuuga-tsht



Добавить комментарий