"Анжеликанын акчасы Казакстанга эле жетсе керек, Дубай, Тайландга барбады". Анжелика окурманына чыдабай жооп кайтарды

15 января 2019 14:50 4033 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Ырчы Анжелика Бекбоева жыл жаңыраары менен эле кошуна Казакстандын Алматы шаарына эс алууга кеткен эле. Ал бул тууралуу өзүнүн инстаграм баракчасынан такай бөлүшүп келет.

Эс алуудагы сүрөттөрүнүн астына көпчүлүк жакшы да жаман да пикирлерин жазып калтырышууда.

Пикир калтырган ырчынын окурмандарынын бири “Анжеликанын акчасы Казакстанга эле жетсе керек, Дубай, Тайландга барбады” деген оюн жазып калтырган. Ага кыжырданган Анжелика бул пикирге жооп кылып пост жазып чыкты.

Постто ырчы айым:

“Бүгүн бирөө комментарий калтырыптыр «Анжеликанын акчасы Казакстанга эле жетсе керек, Дубай, Тайландка барбады» деп. Кыздарым Алматы шаарын көрө элек болчу - жаныбыздагы кошуна өлкөдө конок болдук. Абдан жакты.
Бир жылмайып койдум, акчамды ойлогондор да жок эмес экен деп. Үй алып, үйүмдү ремонттоп, ичин толтуруп жатам , кыздарымды киргизип, анан планда көрө элек өлкөлөргө саякаттоо (планда быйыл 18өлкө бар).
Эки жылда 20 өлкөнү кыдырдым, Кудайга шүгүр.
Дубайга он жылдан бери каттап жүрөм жалгыз эмес айымдарды балдары менен эс алдырып.” –деп окумамына жооп кылып канча өлкөгө барганын жана барам деп пландаганынан бери жазып чыкты.

Буга кошумча ырчы жакында окурмандарына жана күйөрмандарына арнап жолдомо ойнотоорун дагы кошумчалай кетти.

Ал эми ырчынын хейтерлери өз учурунда “Мактанчаак ай”, “неге мынча актанып”, “чычалаба”, “мынча мактануу уят” деген өңдүү пикирлерин жазып калтырууга жетишишти.  

Ссылка: https://barometr.kg/anzhelikanyn-akchasy-kazakstanga-ele-zhetse-kerek-dubaj-tajlandga-barbady-anzhelika-okurmanyna-chydabaj-zhoop-kajtardy



Добавить комментарий