Анжелика: "Жан дүйнөмдү жылыткан адамдан 101 роза алдым". Ырчы бат эле башканы таптыбы?
Анжелика бүгүн жеке баракчасына 101 роза менен түшкөн сүрөтүн жүктөп, "Розаны ким берди? деп кызыксаныздар, учурда жан дүйнөмдү жылытып, мага жакын болгон адамдардын биринен алдым"-деп жазды. Ансыз да ар кандай күмөндөрдү чыгарып жаткан интернет колдонуучулар дароо эле табышмактуу адамдын жандырмагын тапканга аракет кылып, түрдүү билдирүүлөрдү калтыра башташты. Айрымдары "Мараттан келдиби?"-дешсе, көпчүлүгү күйөөсү эле берген го дегендей күмөн ойлорду калтыра да кетишти. Ал тургай, ырчыга "Сенин жүрөгүңдү жылытып, ээлеген кандай мырза болду экен?"-деп дагы тамшанып жиберишти.
Ким болсо дагы, тойго аз калды көрүнөт, бактылуу болсун деген каалоо-тилектер посттун алдында орун алды.
Добавить комментарий ×