Анжелика Кайратова: "30 жаш, 30 ыр, 300 белек, 600 конок" Ырчы туулган күнүн өзгөчө тосуу алдында турат

17 мая 2019 17:16 8160 2 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Анжелика Кайратова үстүбүздөгү жылдын 15-июнь күнү өзүнүн туулган күнүнүн урматына отчёттук концертин берүү алдында турат. Ырчы быйыл 30 жашка чыгат.

Анжелика туулган күнүндө өтүүчү концерти тууралуу:

“15-июнь! 30 ыр, 300 белек, 600 конок. “30” жаш туулган күнүмө арналган отчёттук концертке сиздерди чакырам. 30 ырдан турган шоу-программа биринчи жолу Кыргызстанда!”, -деп чыгармачылык кечеси жогорку деңгээлде өтөөрүн белгиледи.

Белгилей кетсек, Анжелика Кайратова 1989-жылы 12-июнда Бишкек шаарында төрөлгөн. Ырчы алгач 1997-жылы чоң сахнага "Айчүрөк" эстрада театрынын курамында ырдап чыккан. Кийин 2007-жылдан тарта жеке ырчы катары эмгектене баштаган.

2017-жылдан тарта Коомдук телерадио корпорациясындагы "Бактылуу айым" берүүсүнүн алып баруучусу катары өзүн сынап бүгүнкү күнгө чейин ийгиликтүү алып барууда.

Ырчы 2009-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланган.

"Жылдыздар манежде" шоу сынагынын жеңүүчүсү аталган.

Айыма, Элима, Айлин аттуу 3 кыздын энеси. Жеке ишкерлик менен да ийгиликтүү алектенип келет.

Кыздары Айыма менен Элима да апасынын жолун жолдоп ырларды ырдап келет.

Ссылка: https://barometr.kg/anzhelika-kajratova-30-zhash-30-yr-300-belek-600-konok-yrchy-tuulgan-knn-zgch-tosuu-aldynda-turat



Добавить комментарий