Анжелика: "Элима атасын сагынып ыйлаган жок! Атасы каалаган учурда жанында"
Ырчы Анжелика кыздары менен кыргыз киносуна барып андан чыккандан кийин кызы Элиманын ыйлаган видеосун жеке баракчасына жүктөгөн. Видео интернетке чыгаары менен ырчынын катталуучулары жабыла “Элима атасын сагынганбы” деген пикирлерин калтырышкан. Буга кыжырданган Анжелика көпчүлүкө жооп кылып жаңы пост жазып чыкты. Ал өз постунда кыздары менен түшкөн сүрөтүн жүктөп:
“Качан бирөөнүн жеке турмушун бурмалап, жыйынтык чыгарып, дал келтирип, башкаларды ошого ишендирип тызылдаганды токтотобуз?! Элима кызым кинодогу балага боору ачып ыйлады!
Эч кимди сагынган жок. Атасы да, апасы да, каалаган учурунда жанында!” –деп жазды.
Анжелика кайрадан такууга алынды. Катталуучулар жаман да жакшы да пикирлерди жазып калтырышууда.
Ссылка: https://barometr.kg/anzhelika-elima-atasyn-sagynyp-yjlagan-zhok-atasy-kaalagan-uurda-zhanynda
Добавить комментарий ×