Анжелика аянттагы митинг учурунда каза болгон Үмүтбектин элесине арнап кино тартат

19 октября 2020 16:14 1650 Barometr
Поделиться в:
ok

Ырчы Анжелика эми кино тартууга киришти. Бул туралуу анын соцтармактагы баракчасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Ырчынын айтымында ал продюсерлик кылып, жаңы сериал тартып башташты. Бул сериалды тартуу иштерин баштоого бир жылдан бери камданып жүрүшкөн. Бүгүн, 19-октябрда тартуу иштери башталганы маалым болду.

“Бир жылдан бери даярдык көрүп, эң жылдыздуу, таланттуу актёрлорду топтоп, чыгымдарды колдогон өнөктөштөр менен өзүм чоң жоопкерчилик алып продюсер болуп аттанып жатабыз.

12 сериядан турган сериал чындыкты, адилеттүүлүктү чагылдырып, боевик, романтика, мелодрама менен коштолот.

Азырынча аталышы башкы каармандын атынан “Адилет” боюнча турат.

Варианттардын бири “Үмүт” жакшы жаңыланууга үмүт менен аттандык. Үмүтбектин жаркын элесине деген ой бар.

Акыйкаттыкты издеген сериалга сиздерден сунуш болсо калтырыңыздар”, -деп жазган Анжелика.

Эскерте кетсек, Үмүтбек Алтынбек уулу Бишкекте митинг учурунда күч органдары менен кагылышууда жаракат алып, ооруканадан каза бологон. Үмүтбек болгону 19 гана жашында Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн жанын берди.

Ссылка: https://barometr.kg/anzhelika-ayanttagy-miting-uchurunda-kaza-bolgon-mtbektin-elesine-arnap-kino-tartat



Добавить комментарий