Анжелика Айчүрөк Иманалиевага байланыштуу чыр тууралуу: "Бул эже мени менен жолуккусу келген экен"
Буга чейин ырчы Жанин Ахунжанова менен Айчүрөк Иманалиева экөөсүнүн ортосундагы пикир келишпестиги тууралуу ар түрдүү маалыматтар тараган. Мунун баарына Ахунжанованынын берген интервьюсу себеп болгон. Айрымдар бул жөн гана пиар дешсе, Иманалиева баарын орозо айы бүткөндө айтып берээрин айтканы менен аталган маекти буйрутма деп да атаган.
Бул пикир келишпестикти көпчүлүк Анжелика Кайратова жана Клара Алибекова менен байланыштурууга да жетишкен. Бирок Алибекова Иманалиева менен мамилеси жакшы экенин жазып чыккан.
Ал эми Анжелика бул тууралуу:
“Бул эже былтыр ызы-чуу болуп жатканда көп маалымат айтып жардамчым аркылуу мени менен жолуккусу келген экен. Менин эч кандай байланышым жок бул айым менен. Ар ким өз оюн айтууга укуктуу”, -деген пикирин билдирди.
Ал ортодо Иманалиева Жанин чалып кечирим сурады деген мааниде анын сүйлөп жаткан үн жаздыруусун инстаграм баракчасына салып бөлүштү. Видеодо Ахунжанованын Гүлшайыр (Садыбакасова) эженин урматы үчүн сизден кечирим сурайм дегенин угууга болот. Бирок ошентсе да бул маселе табышмак боюнча калууда.
Добавить комментарий ×