"Антошка" тамактануу жайында өрттөн каза болгон кыздын ким экени аныкталды

9 ноября 2019 14:51 16407 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте "Антошка" тез татым жайында болгон жарылууда каза тапкан кыздын ким экендиги аныкталды.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Улан Жумаков “Barometr.kg” сайтына бүгүн кабарлады.

Шаардык милициянын тергөө кызматы аныктагандай, өрттө 1998-жылы туулган С. А. аттуу кыз каза болгон. Анын сөөгү өрт өчүрүлгөндөн кийин табылганын Улан Жумаков билдирди.

Тергөөнүн купуялуулуга байланыштуу башка маалыматтар айтылбайт. Тактап айтканда, каза болгон кыз тамактануу жайында ким болуп иштегени расмий айтылбайт.

Азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатат, тийиштүү соттук-медициналык жана өрт-техникалык экспертизалар дайындалган.

Кечээ, 8-ноябрда "Ала-Тоо" кинотеатрынын бет маңдайындагы тез татым жайында өрт чыгып, бир нече ирет жарылуу болгон. Кырсыктан 14 киши жабыркап, 21 жаштагы бир кызматкер кыз көз жумган. Өрт 15.21де толугу менен өчүрүлгөн.

Бишкек милициясынын билдиргенине караганда, каргашалуу окуяга газ баллондун жарылышы себеп болгон.

Өрттөн жабыркаган 7 адам Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда дарыланып жатат. Алардын ичинен экөө жаш балдар. Дагы үчөө дарыланып үйлөрүнө чыгып кеткен.

 Шаардык милициянын тергөө кызматы "Антошка" тез татым борборунун ижарачысы А.К. камакка алды. Ал Жазык кодексинин "Өрт коопсуздук эрежелерин бузуу" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ссылка: https://barometr.kg/antoshka-tamaktanuu-zhajynda-rttn-kaza-bolgon-kyzdyn-kim-ekeni-anyktaldy



Добавить комментарий