Антибиотиктер вируска каршы колдонулбайт, өз алдынча сатып алып ичпеңиз. Адистин кеңеши

7 сентября 2020 13:27 1403 Barometr
Поделиться в:
ok

Коронавирус илдетин өз алдынча дарылоого болбойт. Сөзсүз дарыгердин көзөмөлүндө дарылануу зарыл. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин башкы пульмонологу Талант Сооронбаевдин брифинг учурунда берген маалыматына таянып “Барометр” билдирет .

Коронавирус илдетин өз алдынча дарылоо коопту. Ага ылайык антибиотиктер жана гормоналдык дарылар вируска каршы колдонулбайт, андыктан аны өз алдынча сатып алып, ичүүгө болбойт.

Ошондой эле адис, коронавирус оорусунан айыккан бейтаптардын, ден соолукту кайра калыбына келтирүү үчүн ооруканага барбастан, үй шартында программаларды аткарууга болоорун айтты.

Оорунун белгилери оорудан айыккандан кийин дагы эки-үч айга чейин сакталуусу мүмкүн: жөтөл, дене табынын көтөрүлүшү, өпкөнүн оорушу жана башка.  Ошондуктан, ар бир жаранга реабилитация программаларын аткаруу сунушталат. Бул үчүн атайын инструкторлор даярдалып, роликтер тартылган.

 “Реабилитация учурунда бейтаптарга кошумча дарылардын кереги жок. Калк арасында өпкө сезгенде фиброзго учурайт деген маалымат тараган жана ал үчүн кандайдыр бир дармектерди жана башка тамак-аштарды колдонгон учурлар кездешип жатат. Бул маалыматка ишенбеңиздер”, - деп кошумчалады Сооронбаев.

Ссылка: https://barometr.kg/antibiotikter-zhana-gormonaldyk-darylar-viruska-karshy-koldonulbajt-andyktan-z-aldyncha-satyp-alyp-ichg-bolbojt-adistin-keeshi



Добавить комментарий