Аномалдуу ысыкта ооруп калбоонун жөнөкөй эрежелери

27 июня 2022 12:55 835 Barometr
Поделиться в:
ok

Саламаттык сактоо министрлиги аномалдуу ысык аба ырайында ден соолукка өзгөчө кам көрүүгө чакырды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрликтин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Аномалдуу ысык аба ырайын жүрөк-кан тамыр системасынын жана өнөкөт оорулардан жапа чеккендер эмес, дени сак адам да жакшы көтөрө албайт. 

Мындай аба ырайында өнөкөт оорулар күчөп кетиши мүмкүн. 

Жай мезгилинде дагы бир маанилүү коркунуч - ичеги-карын инфекциялары, айрыкча жаш балдар арасында көбөйөт. Ошондой эле, тамак-аштан уулануу коркунучу бир нече эсеге көбөйөт.

Аномалдуу ысыктан коргонуу үчүн күндүн эң ысык мезгилинде мүмкүн болушунча көлөкө жерде болууга аракет кылыңыз; 

- өзүңүздү ысыктан коргоо үчүн баш кийим жана табигый кездемеден тигилген жеңил, кенен кийим кийиңиз. Мындай ысыкта синтетикалык кездемеден тигилген кийимдер тери ооруларына алып келет; 

- көбүрөөк кайнатылган, бөлмө температурасында муздатылган суюктук (2,5-3 литр) ичүү сунушталат, эң жакшысы газсыз минералдык суу, лимон кошулган муздак көк же кара чай. Газдалган жана алкоголдук ичимдиктерден баш тартуу жакшы; 

- суу өтө муздак болбошу керек, анткени ысыкта иммунитеттин төмөндөшүнөн тамак оору жана курч респиратордук инфекцияларга чалдыгып калуу коркунучу күчөйт; 

- сууга түшүү - денени муздатуунун жакшы жолу, жуунганда жуунуунун эрежелерин сактоо керек жана спирт ичимдиктерин ичпеңиз;

 - сунушталбаган, атүгүл тыюу салынган жерлерде сууда сүзбөңүз. 

Ичеги инфекциясы менен ооруп калбоо үчүн: - көчөдөн үйгө кайтып келгенден кийин, тамак ичердин алдында, тамак даярдап жатканда, дааратканага баргандан кийин, коомдук транспортто жүргөндөн кийин колду тез-тез жана жакшылап самындап жууп туруу; 

- жашылчаларды, жемиштерди жана мөмөлөрдү жакшылап жуу; 

- сатуучудан сатылып жаткан продукциянын сапат сертификатын суроо; 

- үйлөрдү ажатканаларды таза кармоо, аларды өз убагында дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен тазалоо, анткени, ысык мезгилде патогендик микробдорду алып жүрүүчү чымындардын массалык түрдө көбөйүшүнө жакшы шарттар түзүлөт; 

- тамак-ашты туш келди адамдардан, көчө сатуучулардан же базарлардан сатып албоо; 

- үй шартында тамактарды даярдоодо гигиеналык эрежелерди, тамак-аш азыктарын, өзгөчө тез бузулуучу азыктарды сактоо мөөнөтүн жана сактоо шарттарын сактаңыз. 

Чийки тамактарды жана бышырылган тамактарды өзүнчө сактоо керек; 

- чийки тамактарды иштетүү үчүн өзүнчө бычактарды жана кесүүчү такталарды колдонуу шарт; 

- тез бузулуучу тамак-аштарды жана даяр тамактарды муздаткычта +2... +8 градус температурада гана сактоо; 

- даяр калдыктарды муздаткычтарда 1 күндөн ашык эмес сактоо. 

Температуранын жогорулашы кандай ооруларды күчөтөт?

 Көбүнчө улгайган адамдар чоң коркунучка кабылышат. Алардын арасында кант диабети, артериялык гипертензия, кандагы холестериндин деңгээли жогору жана жүрөк-кан тамыр ооруларына, ашыкча салмак менен ооруган бейтаптарга кооптуу.

Оорунун курчушуна жол бербөө үчүн төмөнкүлөр зарыл: 

- текшерүүдөн өтүп, дарыгер белгилеген дары-дармектерди өз убагында ичүү; 

- кан басымдын жана кандагы канттын деңгээлин өлчөө;

 - эгерде сиз ооруп жатсаңыз, ысык аба ырайында оор физикалык иштерди жасабоо; 

- эгер ден соолугуңуз начарласа физикалык көнүгүүлөрдү токтотуп, медициналык мекемеге кайрылуу; 

- демейде ичип жүргөн дары-дармектерди ысыкта таштабай, аларды дайыма жаныңызда алып жүрүү; 

- жаратылышта эс алуу, сууда сүзүү учурунда күндөн коргоочу кремдерди колдонуңуз.

Ссылка: https://barometr.kg/anomalduu-ysykta-orup-kalboonun-zhnkj-erezheleri



Добавить комментарий