Анимация кыргыз киносунда орун алабы?

22 августа 2019 17:53 4369 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Маданият министри Азамат Жаманкулов Төлөмүш Океев атындагы Кыргыз Улуттук киностудиясынын жалпы ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Киностудиянын жалпы абалы менен Кинематография департаментинин жетекчилиги буга чейин жасалган иштер жана көйгөйлөр менен бөлүшүштү.

Учурда киностудиянын аймагында кайрадан калыбына келтирүүгө муктаж кыргыз кереметин жараткан кино режиссёрлорун эмгектери, тарыхый буюмдар жайгашкан музей, көркөм жана даректүү тасмаларды монтаждоочу кеңсе, унаа токтоочу жай бар.

Таанышуу учурунда бүгүнкү күндөгү кыргыз киносунун жандандыруу аракеттери тууралуу сөз болуп, анимациялык фильмдерди тартуу үчүн чоң мульти-цех салуу, киностудиянын, мамлекеттик архивдин жана кинофильмофонддун алтын казынасындагы сакталган көркөм жана даректүү фильмдерди санартиптештирүү, мамлекетке пайда алып келүүчү коммерциялык кино тартуу жана киностудиянын аймагында универсалдуу кино тартуучу атайын павильон салуу маселелери талкууланды.

Министр өз кезегинде бүгүнкү күндө бул тармакты дагы жандандырып, жаңы бурулуштарга баруу керектигин баса белгиледи. Ошондой эле маселелерди ишке ашыруу үчүн, тез аранын ичинде тиешелүү укуктук документтерди жана сметаны иштеп чыгып, министрликке тапшыруу милдеттендирилди.

Ссылка: https://barometr.kg/animaciya-kyrgyz-kinosunda-orun-alaby



Добавить комментарий