Англис тилин билбегендиктен миллион доллардан кур калды

29 января 2020 08:47 600 Barometr
Поделиться в:
ok

АКШнын Массачусетс штатынын Нью-Бедфорд шаарынын тургуну англис тилин билбегендиктен лотереядан уткан миллиондогон доллардан куру жалак калды. Бул тууралуу The Independent басылмасы жазды.

Ага ылайык, Жоао Луис ДаПонте (Joao Luis DaPonte) таанышы Мария Оливейрага менен Сюзана Гаспарга арыз жазып сотко кайрылган. Себеби алар ДаПонтенин лотереядан уткан миллиондогон долларын өзүлөрүнө алып алган.

Сотко берилген арызга ылайык, Жоао Луис ДаПонте лотереядан төрт миллион доллар утуп алган. Ал португалча гана билгендиктен mil деген сөз “миң” дегенди гана түшүндүрөт деп ойлогон. Лотереянын билетинен 4mil деген сөздү окуп, 4 миң доллар уттуп деп ойлогон.

 Жоао Луис ДаПонте таанышы Мария Оливейрага билетти берип, утушту алып келүүнү өтүнгөнүн айтууда. Ал эми Мария Оливейра эч кандай билет албаганын жана ири суммадагы утушка ээлик кылбаганын айтып, ишендирүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/anglis-tilin-bilbegendikten-million-dollardan-kur-kaldy



Добавить комментарий