Анемия же аз кандуулуктун белгилери кандай болот?

3 декабря 2021 09:45 5580 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда кеңири жайылган оорулардын бири бул анемия,  ал өзгөчө кош бойлуу аялдар арасында көп кезигерин дарыгерлер байма-бай айтып келишүүдө. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянуу менен "Барометр" билдирет.

Аялдар кош бойлуу кезинде аз кандуулуктун ар кандай түрлөрүнө чалдыгышы мүмкүн. Көбүнчө темирдин жетишсиздиги гипохромдуу аз кандуулуктарга алып келет. Адатта, аялдардагы бул аз кандуулуктарда гемоглобин эмес, темир деңгээлиндеги кандын уюшу төмөндөйт. Мындайда дарыгерлер бейтаптарга курамында темири бар дарыларды беришет. 

Бирок кээде кош бойлуу бейтаптарда анемия пернициоздук тиби боюнча өнүгөт, бул жагдайда оорулуу кош бойлуу аялдын организминде В 12 витами жетишпеген болот. Аталган оору, адатта, кош бойлуу аялдардын 5-6 айында башталат, себеби түйүлдүк В 12 витаминин жетишерлик санда талап кылат. Андайда эне менен түйүлдүккө В 12 витамини жетишпей жатса, эненин аз кандуулугу темир жетишсиздигинин күчөп кетишине алып келет. 

Темир жетишсиздигинин кесепеттери

 Аз кандуулук оорусуна чалдыккан балдардын дене жана акыл-эс жагынан өсүүдөн артта калышына; иммунитеттин азайышына; Жугуштуу ооруларга тез чалдыгууга; Бардык оорулардын оор өтүшүнө, көбүнчө өнөкөт ооруларга айланышына; Кош бойлуулук процессинин оор өтүшүнө жана төрөттүн кыйын болушуна, эненин жана ымыркайдын өлүмүнө алып келет.

Темир жетишсиздиги аз кандуулугунун  кандай алдын алуу керек?

Медициналык дары-дармектерди 1-2 ай үзгүлтүксүз колдонуу зарыл. Белок жана А 1, В 1,В2, С витаминдери камтылган тамактарды ичип-жеш абзел. Адамдын организми дайыма темирди керектейт. Тамак-аштар темирдин организмде болушу үчүн бирден-бир булак болуп саналат. Ошондуктан адамдын тамак-аш рационун темирге бай азыктар, атап айтканда, боор, тил, эт, балык, акшак (гречка, буудай, арпа), шабдаалы, курма, алмурут, алма, шпинат, ат кулак ж. б. түзүшү зарыл. Мында аскорбин кислотасы, тактап айтканда, С витамини организмде темирди көбөйтүүгө өбөлгө түзөт. Ал эми кофе менен чайдын ар кандай түрлөрү, тескерисинче, буга тоскоолдук кылышы мүмкүн. Андыктан чайды тамак ичкенден 30-40 мүнөттөн кийин ичүү сунушталат. Акырында дагы бир ирет кайталай кетейин: аз кандуулук оорусуна чалдыкпоо үчүн күнүмдүк керектелүүчү тамак-аштарды түрлөп, жашылча-жемиштерди жана темирге бай азыктарды көбүрөөк жеп-ичүү зарыл


Ссылка: https://barometr.kg/anemiya-zhe-az-kanduuluk



Добавить комментарий